Борбиев: Гүлнур Сатылганованы кармап, маашырлангандар казактардан үлгү алгыла

Борбиев: Гүлнур Сатылганованы кармап, маашырлангандар казактардан үлгү алгыла

Ырчы Бек Борбиев эл артисти Гүлнур Сатылганованын спирт ичимдигин ичип алып автоунаа айдап бара жатып жол инспекторлоруна кармалган видеосу тууралуу пикирин билдирди.

Ал Казакстанда жол инспекторлоруна спирт ичимдигин ичип алып кармалган казак маданиятынын өкүлүнүн окуясын эске салып, коңшулар таланттарына сый мамиле кылаарын жазган.  Муну Гүлнур Сатылганованын окуясы менен салыштырып “коңшу туруп эки башка ойлонгон эл экенбиз” деген пикирин билдирген.

“Алматыда болгон окуяны айтып берейин. Казак досторум былтыр коноктоп 2-3 күн сый көрдүм, кечинде мейманканага баратсам инспектор токтотуп калды. Рулда белгилуу казактын маданият кызматкери эле. Кичине ууртап алган болчу, дароо эле билишти. Видеого тарткандар да жүрүшөт. Аларда ичип айдагандарга жаза бизге караганда абдан катуу, акчалай штрафы дагы көп. Мен чоң ызы-чуу болот окшойт деп, өзүмдү дагы күнөөлүү сезип турдум. Ошентип турсак эле, нары жактан командири түшүп келип, сылык саламдашып рулга олтурду. Даректи сурап, мейманканага чейин айдап келди, мигалка машинеси алдыга түшүп коштоп алган.

Келген соң, биз дагы кечирим сурап жаттык, чынында уят болдук. Бирок тиги кызматкер баланын сөзү алигиче эсимде. Байкелер, биз казактын маданиятын көтөрүп жүргөн адамды сыйлай албасак, баалай албасак, анда казактын мыйзамынын кимге кереги бар!? Жакшы эс алыңыздар деп, камерадагы запистерин өчүртүп кетип калышты.

Гүлнур Сатылганованы кармап, маашырланып камерага түшүргөндөрдү көрүп ошол окуя эске түштү. Албетте мыйзам баарыбызга бирдей, бирок коңшу туруп эки башка ойлонгон эл экенбиз дедим. Башка сөз жок”, — деп жазган ырчы.

Белгилей кетсек, 28-октябрда ЭлТр телеканалы мас абалында унаа айдап бараткан Гүлнур Сатылгановага жол инспекторлору айып салган тасманы жарыялап, ал коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>