Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 21-июлда, Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу башталды.
Жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери – Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.
21-июлда президент Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедовдун учагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна конду.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда келишкен.