Site icon Reporter.kg

Борбор Азия өлкөлөрү соода-экономикалык хаб тармагын ишке киргизет

Былтыркы жылы өлкөлөр ортосундагы аймактык ички сооданын көлөмү 27%га өсүп, 8 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 21-июлда Чолпон-Атада Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин төртүнчү консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Ал белгилегендей, биргелешкен күч-аракеттердин аркасында өз ара аракеттенүүнүн пандемияга чейинки деңгээлин калыбына келтирүүгө гана эмес, ошондой эле соода жүгүртүүнү кыйла жогорулатууга да мүмкүн болду. Токаев аймактын чоң потенциалы бар экенин баса белгиледи.

Ошентип, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданы жакшыртуу максатында Касым-Жоомарт Токаев экономикалык жана соода-экономикалык түйүндөрдүн тармагын ишке киргизүүнү сунуштады.

Муну менен тараптар жаңы темир жол, автомобиль, аба жана суу коммуникацияларын түзүү, ошондой эле чек ара аркылуу ташуулардын административдик жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иш алып барышат.

Exit mobile version