Site icon Reporter.kg

Кыргызстан АКШга виза алуу боюнча Борбор Азияда алдыга чыкты

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2023-жылга карата В1/В2 категориясындагы туристтик визаларды берүүдөн баш тартуунун статистикалык көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Ага ылайык, кыргызстандыктар Борбор Азиядан АКШга туристтик виза алуу боюнча биринчи орунда турат. Тактап айтканда, Борбор Азиядан кыргызстандыктарга виза берүүдө баш тартуу көрсөткүчү төмөн.

2023-жылы Борбор Азиядан АКШга туристтик визага тапшыргандардын ичинен Өзбекстандын 59,56%, Тажикстандын 54,96%, Түркмөнстандын 51,10%, Казакстандын 41,93%, Кыргызстандын 41,54% гана виза албай калган.

Белгилей кетсек, АКШ кыргызстандыктарга визанын мөөнөтүн 10 жылга узартуу сунушун карап чыгууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version