Борбордо Жукеев-Пудовкин көчөсү, 138 дареги боюнча биринчи муниципалдык көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Мындан тышкары, жогоруда аталган жер тилкеде футбол аянтчасын, воркаут аянтчасын, гүл бакча жана балдар ойноочу аянтчаны куруу пландалууда.
Белгилей кетсек, аталган участокто №12 гараж кооперативи жайгашкан. 2022-жылдын 6-октябрындагы жер участокторуна ижара укугун берүү боюнча комиссиянын жыйынында Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча жер участогун убактылуу пайдалануу укугун токтотууну каттоо үчүн «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалына тиешелүү кат жөнөтүүнү тапшыруу чечими кабыл алынды. Учурда жер тилке департаментке бекитилген.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз