Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэринин жаңы жылдык балатысы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.
Балдардын жаңы жылдык «Жаңы Жылдын Жылдызы» спектаклине социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн, жетим, жарым жетим, көп балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниктери жана ар кандай сынактардын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон 1 108 бала күбө болушту. Спектаклди «Таберик» балдар театрынын 250 жаш артисттери аткарышты.
Иш-чаранын аягында бардык балдарга таттуу белектер тапшырылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз