Борбор калаада жер үстүнөн өтүүчү транспорттун долбоору сунушталды — видео

Борбор калаада жер үстүнөн өтүүчү транспорттун долбоору сунушталды — видео

2020-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарынын мэрясынын жыйындар залында калаанын транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов «Бишкек монорельстүү транспорттук тутум» долбоорун сунуштады.

Долбоор шаардык транспорттун сапатын жана туруктуулугун, ошондой эле жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Монорельс — бул темир жол транспорту, асма транспорттун бир түрү, тез жүрүүнү камсыз кылат.

Вице-мэр мындай тутумдун артыкчылыгы анын жүк көтөрүмдүүлүгү, айлана-чөйрөгө ыңгайлуулугу,   көчөлөрдөн түшүрүүлөрү жана коопсуз кыймылы экендигин жана курулушу Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын бойлой пландаштырылып жаткандыгын  белгиледи.

Долбоор  боюнча, жалпы узундугу 37 км, станциялар 32, линиялардын саны 2, жүк ташуу сыйымдуулугу 150дөн 180 жүргүнчүгө чейин, бийиктиги 5-7 м.

Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашыруу пландаштырылууда.

Вице-мэр «Долбоор кымбат жана узак мөөнөттүү экендигин түшүнөбүз, бирок алдыга умтулуп, заманбап келечекке интеграциялануу керек», — деп баса белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>