Site icon Reporter.kg

Борбор калаадан Талас менен Ошко автобустар каттай баштады

Бишкек шаарынан Талас менен Ош облустарына жана кайра артка GoBus автобустары каттай баштады. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, билеттерди GOBUS мобилдик тиркемесинен сатып алууга болот. Автобустар төмөнкү график менен иштейт:

Каттам: Бишкек («Пишпек» рестораны) → Талас (Драма театр)

Чыгуу: саат 08:00, артка кайтуу: саат 22:30

Жолдо токтотуулар: Чалдовар, Молдо-Асан, Кызыл-Адыр, Бакай-Ата

Баасы: 500 сом

Каттам: Бишкек («Пишпек» рестораны) → Ош (Алимжанов көч., 10/1)

Чыгуу: саат 06:30 эки тараптан

Токтотуулар: Базар-Коргон, Жалал-Абад, Өзгөн

Баасы: 1200 сом

Exit mobile version