Site icon Reporter.kg

Борборду көрктөндүрүү үчүн 600 миңден ашуун гүл отургузулду

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкелери борборубуздун көрктөндүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган иш кананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө шаарда 600 миңден ашык көчөт отургузулган, алардын ичинде агератум, бегония менен сальвиянын бир нече түрлөрү жана ошондой эле георгина гүлдөрү бар.

Маалыматка таянсак, бир жылдык гүлдөрдүн башкы артыкчылыгы бул гүлдөр бир гана сезондун ичинде бүт өсүмдүк циклды өтүп жай бою гүлдөп турушат.

Быйыл борбор калаадагы гүлзарларда 1,5 миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр гүл ачат. Борбор калаада май айынан баштап гүлдөрдүн ачык түстөрүнүн гүлдөшү башталган, жайдын башында шаарда 32 түр гүл шаарга көрк кошот.

Борбор калаадагы гүлзарлардын дизайны гүлдөрдүн композициясына жана көркөм чечимине ылайык иштелип чыгат.

Exit mobile version