Борбордук мечит 51 медицина кызматкерине 3 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү

Борбордук мечит 51 медицина кызматкерине 3 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү

Бишкек шаардык борбордук мечиттин атынан №1-шаардык оорукананын 51 кызматкерине 3 000 сомдон акчалай жардам берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июль күнү Бишкек шаарындагы борбордук мечит № 1 шаардык оорукананын 51 кызматкерине 3 000 сомдон акчалай жардам көрсөтүп, аны менен катар 100 даана №95 тибиндеги беткап берген.

Бул иш-чарага Бишкек шаардык казыятынын өкүлү Муктарбек ажы Жусупбеков жана жеке ишкер Сталбек Акматов катышып, медицина кызматкерлерине жасап жаткан эмгектери үчүн ыраазычылык билдиришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>