Боронов Өбекстандын премьер-министри менен жолугуп, чек араны талкуулайт

Боронов Өбекстандын премьер-министри менен жолугуп, чек араны талкуулайт

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, биринчи вице-премьер кыргыз-өзбек чек арасына чектеш аймакта чыккан окуя боюнча Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу өткөрөт.

Ошондой элек Кубатбек Боронов укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусундагы ыкчам кеңешме өткөрөт.

“Учурда абал жөнгө салынды. Кыргызстандын Өкмөтү коопсуздук чараларын күчөттү. Тиешелүү органдар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда суу талаштан улам чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан

Жаңжалдан Кыргызстандын  15 жараны ар кандай жаракат алып, ооруканага кайрылышкан. Мыдан сырткары эки тараптан үй жана мал сарайлар өрттөнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>