Боронов: Өлкө бюджетин толтуруу салык кызматынын гана милдети эмес

Боронов: Өлкө бюджетин толтуруу салык кызматынын гана милдети эмес

Республикалык бюджетти толтуруу — салык кызматынын гана эмес, бардык бийлик органдарынын милдети. Мындай билдирүүнү 25-июнда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында билдирди.

Жыйында өлкө бюджеттин толтуруу боюнча маселе каралды.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин активдештирүү зарыл. Бардык акимдер жана айыл өкмөт башчылары салыктарды жыйноого жеке жоопкерчилик тартышат. Бул бир гана салык кызматынын эмес, баарыбыздын милдетибиз. Жергиликтүү бийлик органдары бюджетти толтурууга түздөн-түз кызыкдар болууга тийиш», — деди Кубатбек Боронов. 

Өкмөт башчы фискалдаштыруу системасын киргизүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

«Ири соода түйүндөрүндө көзөмөл-кассалык машиналарды, май куюучу жайларда автоматташтырылган системаны, товарларды маркалоону киргизүү иштерин улантуу керек. Алсак, бажылык башкарууда ASYCUDA системасын киргизүү пландалууда. Ал товарларды жүз пайыздык электрондук декларациялоону ишке ашырып, аймактык транзитке натыйжалуу көзөмөл жана мониторинг жүргүзүүнү, ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнү колдоону, бажы статистикасын онлайн режиминде жүргүзүүнү камсыздайт», — деп белгиледи өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, быйыл коронавирустан улам беш ай ичинде салыктык жыйымдар 13,2 млрд сомго азайган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>