Боронов: Айылдарда орнотулган карантиндик посттордун иши жөнгө салынышы керек

Боронов: Айылдарда орнотулган карантиндик посттордун иши жөнгө салынышы керек

Айылдардагы жергиликтүү бийлик органдарынын, же жергиликтүү тургундардын чечими боюнча орнотулган карантиндик посттордун иши жөнгө салынышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө айылдарда орнотулган постторго тийиштүү маселе талкууланды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын ишин ирээтке келтирүү тапшырылды.

«Айылдардагы аталган карантиндик постторго байланыштуу көптөгөн нааразычылыктар жана арыздар түшүүдө. Түшүп жаткан маалыматтарга ылайык, алардын айрымдары опузалоо менен алектенүүдө. Бизде аталган посттор айылдарды аралап өтүүдө жарандарды кармап, өткөрбөй жаткан учурлар бар. Райондордун акимдери укук когоо органдары менен биргеликте посттордун ишин тартипке келтирүүсү зарыл, керек болгон учурда алардын ишине тийиштүү көзөмөл жүргүзүү үчүн участкалык милиционерлерди тартуусу зарыл», — деди Кубатбек Боронов.

Сүрөт: интернеттен алынды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>