Ысык-Көл облусуна жайкы эс алуу үчүн баргандардын саны кескин көбөйдү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.
Боронов, акыркы 20 күндүн ичинде Ысык-Көлгө эс алганы баргандардын саны 10 миңге жеткенин айтты.
«Июль айында эс алуучулардын саны 3 миңден 10 миңге өстү. Аймактарда эпидемиологиялык абал оор, биз аны дагы күчөтүп албашыбыз керек. Мисалы, Ысык-Көлдүн аймагында жүрүп ооруп калып жатышат. Айрымдары Балыкчы шаарында текшерүүдөн өткөндө таза чыкканы менен вирустун инкубациялык мөөнөтү ошол жакта болуп, ооруп калып жатышат. Абалды дыкат көзөмөлгө алуу зарыл», — дейт Боронов.
Өкмөт башчы Жалал-Абад облусунда, Ош шаары, Ысык-Көл облусундагы эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон сакталууда экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 33 миң 844тү түздү, анын 2 миң 282си Ысык-Көл облусунан.