Боронов: Ата мекендик жеке коргонуучу каражаттарды чыгарууну тездетүү керек

Боронов: Ата мекендик жеке коргонуучу каражаттарды чыгарууну тездетүү керек

Ата мекендик жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу иштерин тездетүү зарыл. Тиешелүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди.

Саламаттык сактоо министри өлкөдөгү COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу отчет берип, эң актуалдуу маселелерди белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баса белгилегендей, оорунун белгилери жок, илдетти кайдан жуктурганы белгисиз жарандар күн сайын көбөйүүдө.

«Бир жумада эле 31 адамда жуктуруу булагы белгисиз COVID-19 аныкталды. Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар. Бул адамдар Бишкекте коомдук жайларда жуктурган деп болжолдоого болот. Саламаттык сактоо министрлигинин жана Республикалык ыкчам штабдын беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо боюнча сунуштамаларына кош көңүл кароо кейиштүү кесепеттерге алып келүүдө», — деди Кубатбек Боронов.

Учурда жеке коргонуунун каражаттары боюнча тиешелүү сапат стандарты иштелип чыкты. Тармактык мамлекеттик органдарга ыкчам штабдын тапшырмаларын жүзөгө ашыруу боюнча ишти тездетүү милдеттендирилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>