Боронов Баткенде өзбек өкмөтүнүн башчысы менен чек ара чырын талкуулады

Боронов Баткенде өзбек өкмөтүнүн башчысы менен чек ара чырын талкуулады

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Баткен облусундагы «Чечме-Автодорожный» өткөрмө пунктунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы чектеш айылдардын жашоочуларынын ортосунда болуп өткөн жаңжал талкууланган.

Тараптар болуп өткөн окуяга өкүнүү билдиришип, жагдайды жөнгө салуу жана чыңалууну жоюу тууралуу пикирлерин айтышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен тергөө чараларын жүргүзүү жана күнөөлүү жактарды жоопко тартуу тууралуу макулдашышты.

Белгилей кетсек, 31-майда Кадамжай районунунда чек арадагы кыргызстандыктар менен өзбекстандыктардын ортосунда суу талаштан улам чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Жаңжалдан жаракат алган 25 кыргызстандык ооруканага кайрылган. Эки тараптан тең үй жана мал сарайлар өрттөнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>