Боронов чек ара жаңжалында жабыркагандардан кабар алды

Боронов чек ара жаңжалында жабыркагандардан кабар алды

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен Кадамжай районундагы чектеш айылдардын чатак учурунда жабыркаган жарандарынан кабар алды. 

Өкмөттүн маалымат кызматы маалымдагандай, учурда алар Айдаркен шаарынын ооруканасында дарыланып жатышат. 

Кубатбек Бороновго жарандардын саламаттыгы жана дарылануулары тууралуу айтып беришти.

Биринчи вице-премьер-министр жабыркаган жарандардын тийиштүү дарылануусун жана аларды зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 31-майда Кадамжай районунунда чек арадагы кыргызстандыктар менен өзбекстандыктардын ортосунда суу талаштан улам чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Жаңжалдан жаракат алган 25 кыргызстандык ооруканага кайрылган. Эки тараптан тең үй жана мал сарайлар өрттөнгөн.

1-июнь күнү Кубатбек Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>