Боронов: Дары-дармектердин баасын негизсиз көтөргөндөрдү жоопко тартабыз

Боронов: Дары-дармектердин баасын негизсиз көтөргөндөрдү жоопко тартабыз

Дары-дармектердин баасын негизсиз көтөргөндөрдүн баары мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында берди. 

«Бүгүнкү күндө актуалдуу маселелердин бири – бул дары-дармектердин баасы. Көптөгөн дарыканалар суроо-талап жогору дары каражаттарынын бааларын кескин көтөрүп жиберишти. Буга жол берилбеши керек. Бааны негизсиз көтөргөндөрдүн баары мыйзам чегинде жоопко тартылат. Азыр адамдардын башына түшкөн кыйынчылыктан пайда издебей, жардам бере турган учур», —деп баса белгиледи премьер-министр.

Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга фармацевтикалык базардагы абалды көзөмөлдөөнү тапшырды. 

Бир катар интернет колдонуучулары дарыканалардагы айрым дары-дармектердин баасы кескин көтөрүлгөнүн айтышууда.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>