Боронов ЕАЭБдин жыйынына катышу үчүн Минск шаарына кетти

Боронов ЕАЭБдин жыйынына катышу үчүн Минск шаарына кетти

Премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын күн тартибинде соода, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси тармактары боюнча маселелер талкууланат.

Ошондой эле тараптардын ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү, бирликтин финансы рыногунун концепциясын иштеп чыгуу жана башка бир катар темаларды талкуулоосу пландалган. 

Кеңештин алкагында Өкмөт башчынын бир нече жолугушууларды өткөрүүсү күтүлөрү айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>