Боронов: Элди дүрбөткөн маалыматтарга ыкчам түрдө реакция кылуу керек

Боронов: Элди дүрбөткөн маалыматтарга ыкчам түрдө реакция кылуу керек

Жарандарды кооптондурган билдирүүлөргө мамлекеттик органдар ыкчам түрдө реакция кылуу керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирген.

“Пандемияга байланыштуу элге моралдык-психологиялык жактан жеңил эмес учур болуп турат. Жакында эле тик учма менен белгисиз зат чачылып жатат деген билдирүү социалдык түйүндөргө тарады. Бул чындыкка дал келбеген маалымат. Мындай учурда көпчүлүктү кооптондурган билдирүүлөргө мамлекеттик органдар ыкчам жооп берип турууга тийиш”, – деген ал.

Ошондой эле өкмөт башчы Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы медициналык мекелерге жана күндүзгү стационарларга дарыгерлер ишке келишимдик негизде   тартылып жатканын белгилеп, аларды тамак-аш жана эмгек ак боюнча кабатыр болбоого чакырган.

Премьер-министр түзүлгөн экономикалык кырдаалга байланыштуу айрым ишкерлер соода аятнчасы үчүн ижарачылардан акы алуудан баш тартканын белгиледи. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>