Боронов: Ишкерлерге кредит берүү жөнөкөйлөштүрүлөт

Боронов: Ишкерлерге кредит берүү жөнөкөйлөштүрүлөт

Кредит берүү процессин жөнөкөйлөштүрүү – Өкмөттүн бизнести колдоого багытталган бирден-бир кадамы. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча кеңешмеде айтты.

«Үстүбүздөгү жылдын 5 айында коммерциялык банктар тарабынан жалпы суммасы 40,3 млрд сомго кредит берилген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 10,8 млрд сомго аз», — деди  Боронов.

Премьер-министр чакан жана орто бизнеске 14 млрд сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүү каралган «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы ишке киргизилгенин эске салды.

«Биз бул программаны COVID-19 пандемиясынан жабыркаган бизнеске жардам көрсөтүү үчүн бекиттик. Эл аралык финансы институттарынын да, республикалык бюджеттен да каражаттар тартылууда. Жакында 1,3 млрд сомго аукцион өттү. Жакын арада дагы бир аукцион өтөт. Ага мүмкүн болушунча көп коммерциялык банктар катышуусу зарыл», — деп баса белгиледи өкмөт башчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>