Боронов: Көзөмөл күчөтүлөт, анализ тууралуу маалымкат талап кылуу ашыкча

Боронов: Көзөмөл күчөтүлөт, анализ тууралуу маалымкат талап кылуу ашыкча

Бишкек шаарында карантиндик режимди сактоону көзөмөлдөө күчөтүлөт.  Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айрым соода түйүндөрү, азык-түлүк базарлары жана такси кызматынын айдоочулары санитардык талаптар сакталбай жатканын айткан.

Буга байланыштуу санитардык эрежелерди жана башка карантиндик чараларды сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин кошумчалады.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тартип сакчыларына карата сын айтты.

“Экономикалык ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрлөрүнүн ишин жандандыруу үчүн айрым жеңилдиктер берилди, бирок бул калган категориядагы жарандар үчүн карантин токтотулду жана бардыгы негиздүү себепсиз шаарга чыга берсе болот дегенди билдирбейт. Майрам күндөрү да көчөдө адамдар көбөйдү. Укук коргоо органдары бул жаатта кайгуул иштерин, ошондой эле бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоого катуу көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш”, — деди биринчи вице-премьер-министр.
 
Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда айтылган маселелер боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Кубатбек Боронов ошондой Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүдө элден коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалым катты талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керектигин белгиледи.

4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыйуу салынган. Кайра облус аймагына кирген учурда, жарандар милдеттүү түрдө экспесс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымдамасынын негизинде кире алары жана 14 – күндүк үй карантинине алынары айтылган.

5-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 843 адамга жетти. Алардын ичинен 600 бейтап ооруну жеңип чыккан. 11 бейтап кайтыш болсо, учурда 8 бейтап оор абалда жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>