Боронов: Коомдук жайларда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт

Боронов: Коомдук жайларда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт

Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соодо борборлордо жана коомдук унааларда беткап тагынбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 “Беткапсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу тобокелчилиги жогору. Ошондуктан коомдук жайларда беткап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл”, — деп белгилеген биринчи вице-премьер-министр. 

Штабдын жыйында мамлекеттик органдарга жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына карата бекитилген алгоритмдин негизинде ишти күчөтүү милдеттендирилди.

Отурумдун жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына илдетти жуктуруп алгандардын байланыштарын так аныктоо, үй карантининдегилерди катуу көзөмөлгө алуу, республикалык штаб тарабынан берилген тапшырмаларды ыкчам  аткаруу, сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы берилди. 

25-майдан баштап коронавирус көп катталган аймактарда коомдук транспорт ишин жандантып, 50 орунга чейинки ашканалардын, кафе-ресторандардын, кийим-кече саткан базарлардын жана айрым тейлөө мекемелеринин иштешин жандантты.

25-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1433 адамдан табылды, алардын ичинен 992 бейтап айыгып кетти, 16 адам каза болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>