Site icon Reporter.kg

Боронов: Коронавирус боюнча кырдаал начарлашы мүмкүн, ага карата даярдыкты күчөтүү керек

Коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн, ага карата даярдыкты күчөтүүнү камсыз кылуу шарт. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 

Ал кечээ Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы отуруму болгонун билдирди. 

«Күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч. Коопсуздук кеңешинин отурумунда белгиленгендей, дагы бир жолу белгилей кетким келет, облус жетекчилери өзүңөргө тийиштүү аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчилигиңер бар. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат. Коопсуздук кеңешинин бардык тапшырмалары, чечимдери сапаттуу жана өз учурунда аткарылышы керек. Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнү  жүзөгө ашырууга тийиш, бул медициналык мекемелерде бейтаптардын санынын көбөйүшүн эске алуу менен,  ошондой эле  экономикалык ишмердүүлүктөгү ар кыл багыттардын ишине даярдык көрүлүүгө   тийиш», — деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, 118 кызматынын дараметин күчөтүү зарыл.

«Коомчулук тарабынан бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразылыктар түшүүдө. Эгерде жаран колл-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Колл-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кызматтын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл. Кайрылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыздоо кажет», — деди ал. 

Премьер-министр мамлекеттик лабораториялар анализдер кыска убакыттын ичинде чыгышы үчүн күнү-түнү иштөө режимине өтүүгө тийиштигин айтты. Мындан тышкары жеке лабораториялар тарабынан COVID-19 анализ алуу маселесин иштеп чыгуунун маанилүүлүгү белгиленди. 

Жыйындын жүрүшүндө аярлуу жарандарды сезондук сасык тумоого эмдөө, медицина кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу, коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн медициналык мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу, телемедицинаны өнүктүрүү маселелери талкууланды. 

Кубатбек Боронов калк кызмат көрсөтүүлөрдү үйүнөн чыкпай, аралыктан алуусу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүү керектигин баса көрсөттү. 

Ал ошондой эле мамлекеттик органдарга, жеке менчик уюмдарга аралыктан иштөө режимине өтүп, социалдык обочолонуу эрежелерин сактоо сунушталарын белгиледи.

Exit mobile version