Site icon Reporter.kg

Боронов: Медиктер күздө жана кышта бейтаптардын көбөйүүсүнө даяр болушу керек

Медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин түзүү жана аларды тийиштүү окутуу – саламаттык сактоо тутуму үчүн маанилүү маселелердин бири. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Ал Коопсуздук кеңешинин чечимдерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруунун зарылдыгын, анын бир пункту катары медициналык адистердин кадрдык резервин даярдоо маселеси экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тутуму Бишкекте коронавирус дартына чалдыккандардын саны кескин жогорулашынан улам белгилүү кыйынчылыктарга дуушар болууда. Медициналык кызматкерлер күнү-түнү үзгүлтүксүз иш алып барууда. Мындан тышкары, акыркы күндөрү ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны өсүүдө. Бул саламаттык сактоо тутумунун ишине өз таасирин тийгизүүдө», — деди өкмөт башчы.

Кыска мөөнөттө медициналык билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана ординатурада жана интернатурада окуп жаткандардын катарынан медициналык адистерди даярдоо милдети коюлган.

Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларында тийиштүү иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Биздин саламаттык сактоо тутумубуз күз-кыш мезгилдеринде оорулуулардын саны жогорулоо ыктымалдыгына даяр болушу керек. Ар бир облуста медициналык кадрлардын резервин даярдоо абдан маанилүү», — деди Премьер-министр.

Exit mobile version