Боронов: Медкызматкерлерге кошумча төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуу пландалууда

Боронов: Медкызматкерлерге кошумча төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуу пландалууда

Медкызматкерлерге кошумча төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«Медицина кызматкерлери өзүнүн ден соолугун тобокелдикке салып, башка адамдын саламаттыгын сактоо, аны калыбына келтирүү жана чыңдоонун үстүндө жан дили менен алектенүү – бул эң жогорку гумандуулук! Сиздерге башыбызды ийип таазим этебиз»,- деп белгиледи Боронов.

Анын айтымында, азыркы учурда Өкмөт медицина кызматкерлеринин айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 921 учур катталды, алардын ичинен 464 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>