Боронов: Оор күндөрдү эстен чыгарып, той бергендер көбөйдү

Боронов: Оор күндөрдү эстен чыгарып, той бергендер көбөйдү

Айрым жарандар беткап тагынууну жана санитардык нормаларды сактоону унутту. Мындай пикирин премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 

«Айрым жарандар оор күндөрдү эстен чыгарышты. Учурда той бергендер көп болуп жатат. Беткап тагынууну жана санитардык нормаларды сактоону унуткан жарандар бар. Сиздерден бир гана нерсе суранабыз — талаптарды так сактоо. Ал эми, Өкмөт өз кезегинде оорунун экинчи толкунун болтурбоо үчүн бардык иш-аракеттерди көрүп жатат», — деди премьер-министр.

Мындан сырткары, санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталбай жатканын айтып, саясий партияларга кайрылуу жасады.

“Шайлоо компаниясына катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнө дагы бир жолу кайрылам.
Үгүт иштери учурунда беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган жок. Бул жоопкерсиздик катары каралат. Андыктан,
өздүк кызыкчылыктарды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам”, — деп кошумчалады Боронов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>