Site icon Reporter.kg

Боронов: президент биздин негизги милдет шайлоо экенин айтты

Бүгүн, 17-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кубатбек Бороновдун премьер-министр кызматына талапкерлиги каралууда.

Боронов өкмөттүн программасы боюнча баяндама жасап, мурдагы өкмөттүн иши улантыларын айтты. 

Жыйындын жүрүшүндө депутат Төрөбай Зулпукаров жаңы өкмөт кыйын кырдаалда келип жатканын, негизги сыноо парламенттик шайлоо болорун айтты.

“Өто оор кырдаалда келдиңиздер. Сиздердин негизги милдетиңиздер жогоруда айтылган эл, депутаттар күтүп аткан нерселер.  Быйылкы саясий шайлоону татыктуу өткөрүшүңүздөр керек. Айрым саясий күчтөр, келечекке көзү жетпесе кыраалды күчөтүшү мүмкүн. Буга сиздер даярсыздарбы, бир да партияга басым кылбай иштеп кете аласыздарбы”, — деди Зулпукаров.

Ага Боронов таза шайлоо өткөрө алабыз деп убада берди. 

“Кечээ, көпчүлүк коалиция ишеним көрсөткөндөн кийин президенттин кабыл алуусунда болдук. Анда президенттин биринчи талабы ушул болду, акыйкат шайлоону өткөрүп берүү өкмөттөн негизги талап экенин айтты. Мурда да ушундай штабдарда иштеп келгенбиз, таза шайлоо өткөргөнгө мүмкүнчүлүктөр бар”, — деди Боронов. 

Exit mobile version