Боронов: «Токтогул» суу сактагычында суунун көлөмү азыраак, бирок кыштан жылуу чыгууга жетет

Боронов: «Токтогул» суу сактагычында суунун көлөмү азыраак, бирок кыштан жылуу чыгууга жетет

Азыркы учурда күн жылуу болгондуктан, Нарын облусуна жана өлкө аймагындагы айрым бир жатак билим берүү жайларына гана жылуулук берилүүдө. Бирок, жылуулук иштеп чыгуу жайларынын баары кыш мезгилине даяр. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште экономика тармактарын жана калты 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Баяндамачынын айтымында, апрель айында эле республикалык штаб түзүлүп, кышка даярдык көрүү жумуштары башталган.

«Жалпысынан 1 млрд 141 миң тонна көмүр керектеле турган болсо, азыр 430 миң тонна көмүр бар. Андан тышкары, жергиликтүү жана импорттук көмүр алууга келишимдер түзүлдү. Ал эми Бишкек ЖЭБинде азырынча 136 миң тонна көмүр кору топтолду. Ишкана ушу кезде 360 мВт кубаттуулугуна чейин электр энергиясын берүүгө даяр.

Андан тышкары, ушу тапта «Токтогул» суу сактагычында 17 млрд 200 млн куб метр суу топтолгону белгилүү болду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд куб метрге аз, бирок кыштан чыгууга жетиштүү. Ошону менен бирге, кышка даярдык планынын графигинен кечигип жаткан айрым бир тармактар бар, бирок ал жалпы жагдай үчүн анчалык деле коркунучтуу эмес». – деди Кубатбек Боронов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>