Site icon Reporter.kg

Боронов жергиликтүү эл менен жолугуу үчүн Солтон-Сарыга кетти

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мында алар ал жактагы айылдардын Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушмакчы.

Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктамакчы.

Белгилей кетсеке, 3-августта Солтон-Сарыда кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан.

5-августта 500дөй малчы чогулуп, кен казылып жаткан аймакка барганда кытайлыктар жергиликтүүлөрдү таш менен ургулаган. Мындан улам эки тараптын ортосунда чыр кайрадан уланып, жергиликтүүлөр кытайлык компаниянын өкүлдөрүн сабап салышкан.

Exit mobile version