Президент өкмөттү отставкага кетирди

Президент өкмөттү отставкага кетирди

Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновдун премьер-министрликтен кетүү тууралуу арызына кол койду.

Президенттин расмий сайтына бүгүн, 9-октябрдагы жарыяланган маалыматка ылайык, өлкө башчы Кубатбек Бороновдун премьер-министрликтен алуу менен өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирди.

Жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.

Буга чейин 6-октябрда Бишкектеги “Достук” мейманканасына чогулган Жогорку Кеңештин 62 депутаты  өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактыргандыгы айтылган.

Мындай чечимди өлкөдөгү айрым саясий күчтөр тааныбай тургандыктарын жарыялашкан. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>