Site icon Reporter.kg

Бороондо калган айдоочулар куткарылды

Бороондон улам ашууда калган 5 оор жүк ташуучу унаа менен 2 автоунаа куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 9-мартта Нарындын Кара-Кужур – Солтон-Сары жолунун 43-чакырымында бороондон улам кар күрткү пайда болуп, 7 жүк ташуучу унаа жолдо калып калган.

Жерине куткаруучулар жана техника тартылган. 10-мартта саат 05:30да жол кар күрткүдөн тазаланып, жолдо туруп калган 5 оор жүк ташуучу унаа жана 2 Mercedes-Benz унаасы сапарын уланткан.

Exit mobile version