Site icon Reporter.kg

Бороондон улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолу убактылуу жабылды

Бүгүн, 27-мартта Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 212-222-чакырымы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Азыркы тапта аталган тилкеде катуу бороон болуп, жол жакшы көрүнбөй жатат. Жеринде министрликтин кызматкерлери атайын техникалар менен иш алып барып жатышат.

Министрлик алыс жолго сапар алган айдоочуларды аба ырайынын шартын эске алып чыгууга жана жол эрежесин так сактоого чакырды.

Exit mobile version