Site icon Reporter.kg

Боршайком Оштогу кыргызча-орусча аралаш жазылган баннерди алмаштырат (видео)

Ошто шайлоо катара илинген баннерге ката жазылган. Аны шаар тургундары тартып, интернетке жарыялашты.

Анда «28 апреля 2024 года  — №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү», — деп жазылган.

«Тилдин ашмалтайын чыгардыңар. Сүйлөмдүн башы орусча, калганы — кыргызча», — дейт шаар тургуну.

Борбордук шайлоо комиссиясы Reporter.kg’ге  басмакана ката кетиргенин, баннер кайра даярдалып жатканын айтты.

«Азыр кайра жазып, даярдап жатышат. Бир сааттын ичинде туура варианты илинет», — дейт.

Exit mobile version