Боршайком саясый партиялар үчүн семинарларды баштады

Боршайком саясый партиялар үчүн семинарларды баштады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (Боршайком ) 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоого катышуу үчүн билдирме жиберген саясый партиялар үчүн, биринчи семинар өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.

Биринчи семинарда талапкерлердин тизмесин каттоого берүүчү документтердин эрежелери, шайлоо фонддорунун ишин алып баруу, шайлоо кампаниясын финансылоо боюнча отчетторду берүүнүн тартиби жөнүндөгү маселелер каралган.

Шайлоо мыйзамдарынын алкагында, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкын болушун камсыздоо максатында, Боршайком тарабынан шайлоо мыйзамдарына талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржыланышына, саясый партиялардын, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуунун тартибине, шайлоо фонддорунун каражаттарынын эсеби менен чыгымдарына бирдей ыкма киргизилип, ошондой эле каражатты белек катары берүүгө тыюу салынып жана финансылык отчетторду Боршайкомдун сайтына милдеттүү түрдө жарыялап турууга байланыштуу тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгендиги айтылган.

Семинарда азыркы шайлоо кампаниясынын өзгөчөлүктөрү, агитация жүргүзүүнүн негизги эрежелери, шайлоонун жүрүшүндө ага байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү боюнча маалыматтар берилип, шайлоонун бардык этаптарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар менен камсыздоонун алгоритмдери да талкууланган.

Белгилей кестек, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, 44 саясий партия  Боршайкомго кайрылган.

сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>