Site icon Reporter.kg

Бостери айылында 64,1 млн сомго бала бакча салынат

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында бала бакча курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка караганда, «Келечек башаты» деп аталган бала бакча 60 орундуу болуп салынат. Аны курууга 64 млн 140,8 миң сом каралган.

Арыздар 2-августка чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version