Site icon Reporter.kg

Бостериде кыз киши парашюттан кулап түштү

Ысык-Көлдүн Бостери айылында аял киши парашюттан кулап түштү. Бул маалыматты Reporter.kg′ге облустук милиция ырастады.

Окуя 30-июлда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, кыз киши парашюттан чыгып кетип, сууга кулаган.

Милиция аталган окуя каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Учурда күбөлөрдү аныктоо, окуянын чоо-жайын тактоо иштери уланууда. Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Азырынча, парашюттан кулаган кыз кандай жаракат алганы белгисиз.

Exit mobile version