Site icon Reporter.kg

Бостериде өрттөнгөн үйдөн эки баланы куткарган майор медаль менен сыйланды

Ысык-Көлдүн Бостери айылында өрттөнгөн үйдөн эки баланы куткарган милициянын майору Бакытбек Максүтов «Каармандык» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Эске салсак, окуя 17-ноябрь күнү түшкө жуук болгон. Бостери айылындагы көп кабат үйдөгү батирден өрт чыккан. Бакытбек Максүтов үйдүн ичинен балдардын үнүн угуп, дароо жардамга чуркаган. Ал башка тургундардын жардамы менен 4 жана 9 жаштагы эки баланы үйдөн алып чыккан.

Балдарды куткарган милиция кызматкерине ИИМ тарабынан «Каармандык» медалы ыйгарылып, аны Бакытбек Максүтовго бүгүн, 27-ноябрда облустук милициянын башчысы Мурат Боронов тапшырды.

Мурат Боронов (солдо) жана Бакытбек Максүтов (оңдо)

Exit mobile version