Site icon Reporter.kg

Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Айыпталуучуларга чыккан өкүм өзгөртүүсүз калтырылды

Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча 4 айыпталуучуга чыгарылган өкүм өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук соттон билдиришти.

Белгилүү болгондой, быйыл апрель айында райондук сот бул иш боюнча айыпталуучу болгон Б.Б., Ж.Р., А.У. жана Э.А. аттуу жарандарды Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 15-пунктары (бейбаштык максатта адамдардын тобу тарабынан жасалган киши өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирин 15 жылга эркинен ажыраткан.

Ошондой эле айыпталуучулар жабырлануучу тарапка 180 миң сом материалдык зыян, андан тышкары ар бири 250 миң сомдон моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Кийин айыпталуучулар Ысык-Көл облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Экинчи инстанция ишти карап, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган. Өкүм 24-июлда чыккан.

Эскерте кетсек, Бекбол Аманкулов 2023-жылы 6-августка караган түнү каза болгон. Ал ур-токмоктон көз жумган. Алгач бул ишти жаап-жашыруу аракети көрүлгөн. Бирок бул окуя коомчулукта резонанс жараткандан кийин гана кылмыштын бети ачылган.

14-августта ИИМ Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип 4 адам кармалганын кабарлаган.

Ошондой эле Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмышты жаап-жашырууга шектелип ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3 кызматкери, андан соң дагы 2 кызматкери кармалып, камака алынган.

Exit mobile version