Site icon Reporter.kg

Бразилияда селден 80 киши көз жумду

Бразилиянын түндүгүндөгү селден 80ден ашуун адам каза болду. Дагы 50гө жакыны дайынсыз болууда.

Бир түндүн ичинде бир айлык жаан-чачындын 70% жакыны Ресифе болду. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам дарыялар ташкындап, жээктеринен ашып, жер көчкүлөрдү пайда кылган. Ылайлар жолдун баарын жууп кетти.

4 миңге жакын жергиликтүү тургун үйсүз калды. Алар үчүн мектептерде убактылуу баш калкалоочу жайлар уюштурулган. Кээ бир муниципалитеттерде электр жарыгы жана суу жок.

Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бразилиянын армиясы жапа чеккендерге жардам көрсөтүүгө жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышууда. Аскер кызматкерлери жана куткаруучулар тирүү калгандарды табуу үчүн кайыктарды жана тик учактарды колдонушууда.

Президент Джейр Болсонаро дүйшөмбү күнү Ресифиге келди.

Жекшембиде аймакта жаан-чачын бир топ азайды, бирок синоптиктер жамгыр мезгили бир нече күндө гана бүтөт деп болжошууда.

Климаттын өзгөрүшүнө жана Тынч океандын үстүндөгү суу менен абанын үстүнкү катмары муздаган табигый кубулуш болгон Ла-Ниньяга байланыштуу Бразилияда жамгыр жаашы күчөп жатат  дешет адистер. Көбүнчө адырларда курулган морт үйлөрдүн фавелаларында нөшөр өзгөчө коркунучтуу. Акыркы бир жылдын ичинде мындай жамгырдын кесепетинен жүздөгөн бразилиялыктар каза болушкан.

Exit mobile version