Site icon Reporter.kg

БРИКС лидерлери Газа жана Ирандагы абал боюнча билдирүү жасашты

Рио-де-Жанейродо өткөн саммитте БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Газа тилкеси Палестинанын бир бөлүгү экенин жана Палестина администрациясынын башкаруусунда болушу керектигин билдиришти. Бул тууралуу аталган саммиттин жыйынтык декларациясына шилтеме берип, «РИА Новости» жазып чыкты.

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалыматында, саммиттин катышуучулары Иранга 13-июнда болгон соккуларды айыптап, бул эл аралык укукту жана БУУнун Уставын бузуу деп аташкан.

«Декларацияда Жакынкы Чыгыштагы туруксуздуктун күчөшүнө олуттуу тынчсыздануу билдирилип, МАГАТЭнин коргоосунда турган жарандык инфраструктурага жана тынч өзөктүк жайларга атайылап жасалган чабуулдар айыпталган. Бул эл аралык нормаларга жана Агенттиктин резолюцияларына каршы келет»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version