Site icon Reporter.kg

Британ элчилиги: ЖМКнын эркиндиги корголушу керек

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги журналист Болот Темировду депортациялоо боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимине комментарий берди. Мындай билдирүү Twitter баракчасына жарыяланды.

Дипломатиялык өкүлчүлүк журналистика кээде ыңгайсыз болушу мүмкүн экенин, бирок маалымат каражаттарынын эркиндигин коргоо керектигин билдирди.

«Журналисттер репрессиялардан коркпостон өз милдеттерин аткара алышы керек», — деп билдирди Британ элчилиги.

Эске сала кетсек, бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда журналист Болот Темировдун иши боюнча апелляциялык арыз каралып, сот журналистти өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарган.

Соттун чечиминен кийин милиция кызматкерлери Болот Темировду залдан күчтөп чыгарып кетишти.

Эскерте кетсек, Буга чейин Свердлов райондук соту Болот Темировду «баңгизатты мыйзамсыз даярдоо», «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» иштери боюнча актаган. Ал эми «документти жасалмалоо» иши боюнча Темиров жарым-жартылай күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ага жаза берилген эмес.

Быйыл 22-январда милиция атайын багыттагы кызматкерлердин коштоосунда Болот Темировдун кеңсесине барып, аны «баңгизатты мыйзамсыз даярдоого» шектеп кармап кеткен. Ошондой эле «баңгизат» ишине байланыштуу Темиров менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров да кармалган. Бирок коомчулуктун сынынан кийин алар эч жакка кетпөө тилкаты менен кое берилген.

Кийинчерээк Темировго «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча иштер ачылган.

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштерин журналисттик ишине байланыштырып, сөз эркиндигине кысым катары баалап келет. Себеби ал жетектеген «Ютубдагы» Temirov LIVE каналы бийлик, анын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланыштуу иликтөөлөдү жасап келген. Темиров кармалар алдында, 20-январда Temirov LIVE’дын командасы «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» аталышындагы иликтөөсүн чыгарган.

Temirov LIVE командасы жасаган ар бир иликтөө чоң резонанс жаратып, иликтөөдө аты аталган адамдар коомчулуктун сынына кабылып келет.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version