Британияда паркка келгендерди жабылып сөккөн тоту куштар куулду, – видео  

Британияда паркка келгендерди жабылып сөккөн тоту куштар куулду, – видео  

Британиянын Линкольншир графчылыгындагы жапайы табигый парктан келген конокторду сөгүп, кемситкен 5 тоту куш куулду. Бул тууралуу Британ басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сөгүнгөн 5 тоту куштун аталган паркка келгенине бир нече гана жума болгон. Алар карантин учурунда жаман сөгүнгөн сөздөрдү үйрөнгөнүн, бирок аларга ким үйрөткөнү белгисиз экенин аталган парктын жетекчилиги билдирген.

Парктын кызматкерлеринин тоту куштардын сөгүнүү сөз байлыгы өтө бай жана алардын көпчүлүк учурда курмандыктары жаш, жакшынакай кыздар экендигин айтышкан. 

Кызматкерлер алгач тоту куштардын сөгүнгөнүнө күлүп жүрүшкөн, бирок алар күлгөн сайын тоту куштардын сөгүнгөнү күчөгөн.   

“Алар сөгүнгөн сайын, аргасыз күлөсүн, күлкүнү уккан тоту куштар дагы күчөп сөгүнөт. Кийин алар адамдардын күлгөнүн да үйрөнүп алышты. Бири сөгүнсө, экинчиси күлө баштайт, бул калгандарын да кызытып, алар да кошулуп сөгүнүп, күлө башташат. Алыстан уккан адамга өзүнчө эле бир күлкү кечеси өтүп жаткандай угулат” деген парктын жетекчиси Стив Николз.

Николз бул паркта мурда да сөгүнгөн тоту куштар болгонун, бирок бешөө биригип алып чогу сөгүнгөн окуя буга чейин болбогондугун айткан. 

Тоту куштардын жамгырдай сөгүшүнө кабылган коноктордун арасында таарынып, арыздангандары таптакыр болгон эмес, куштардын кемсинтүүсү алардын күлкүсүн гана келтирген.

“Сизди кандайдыр бир куш кемсинтип, сөгүп жатса бул сиздин күлкүңүздү гана келтирет. Бир жолу тотукуш кызматкерди “семиз,келесоо” деп мазактады, бирок ал таарынган жок, тескерисинче боору эзиле күлдү”, — деген Стив Николз.

Бул окуя чоң адамдардын күлкүсүн гана келтиргени менен эс алуу күндөрү балдар да паркка келгендиктен тоту куштарды алууга туура келген. Алар азыр парктын кожоюнунун үйүндө жашашууда.

Линкольншир паркында 1,5 миңге чукул тоту куштар жашайт.  Алардын арасында ар кандай үндөрдү туурап адамдарды таң калтыргандары абдан көп. Мисалы алардын бири Чико лакаптуу тоту куш Бейонсенин If I Were a Boу ырын чебер аткарып келген коноктордун сүймөнчүлүгүнө, интернет жылдызына айланган.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>