Британияда уунаадан табылган 39 адамдын эмнеден өлгөндүгү белгилүү болду

Британияда уунаадан табылган 39 адамдын эмнеден өлгөндүгү белгилүү болду

Жүк ташуучу унаада табылган 39 адамдын эмнеден улам өлгөндүгү белгилүү болду деп жазат Daily mail басылмасы.

Басылманын маалыматына караганда, каза болгондор Британияга кирүүгө аракет кылган мигранттар болушу мүмкүн. Алардын 38и эркектер болсо бирөө өспүрүм болгон.

Алар катуу сууктан үшүп өлгөн болушу мүмкүн, анткени унаанын жүк салган бөлүгүндөгү абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөгөн.

Алдын ала божомолдорго караганда, каза болгондор өлөөрдөн алдын кыйкырышкан. Бирок унаанын жүк салган бөлүгү калың болгондуктан айдоочуга эч нерсе угулган эмес.

Бул окуяга байланыштуу адам өлтүрүүгө шектелип унаанын айдоочусу 25 жаштагы Түндүк Ирландиялык жаран кармалган. Шектүү 19-октябрда Болгариядан чыгып 20-октябрда Улуу Британиянын аймагына кирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>