Британиялык коронер: Назарбаевдин небереси Айсултандын өлүмүнө маңзат себеп болгон

Британиялык коронер: Назарбаевдин небереси Айсултандын өлүмүнө маңзат себеп болгон

Улуу Британиянын сырдуу өлүмдөрдү иликтеген атайын өкүлү Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаевдин каза болушуна маңзатка көз карандуулук себеп болгон деген бүтүмгө келди.

Иликтөөнүн жыйынтыгы 24-мартта жарыяланды. Бул мурунку президенттин небересинин өлүмүнүн айланасындагы ар түрдүү шектенүүлөргө чекит коет деп айтылат.

29 жаштагы Айсултан Назарбаев 2020-жылы 12-августта Лондондогу паркта эс-учун жоготкон абалда табылган. Кийинчерээк анын кайтыш болгону жарыяланган.

Ал соңку мезгилде өзүнүн жакын туугандарына ар кандай дооматтарды тагып, Казакстандын бийлигин сындап келген.

Айсултан Назарбаев Казакстандын сенатынын экс-спикери Дарига Назарбаева менен анын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин кичүү уулу. Атасы Рахат Алиев 2015-жылы австриялык түрмөдө каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>