БШК: Өмүрбек Текебаевге мандатын кайтаруу маселеси каралган жок

БШК: Өмүрбек Текебаевге мандатын кайтаруу маселеси каралган жок

Бүгүн, 12-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) отурумунда Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтаруу маселеси каралуусу күтүлгөн.  Бирок БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун «Репортерго» билдиргенине караганда  «Ата Мекен» фракциясында бош мандат жоктугуна байланыштуу жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү толук келбегендиктен бул маселе каралган эмес. 

“Өмүрбек Текебаевге мандатты кайтарып берүү боюнча документти коллегалар кабыл алган жок. Биз бул маселени БШКнын сегизден кем эмес мүчөсү менен кабыл алышыбыз керек. Тийиштүү добуш жеткен жок. Маселени кароого негиз БШК мүчөлөрүнүн толук курамы болгондо, андан сырткары, бош калган мандат болсо пайда болот. Бош мандат болсо, ошону өткөрүп берүү жөнүндө маселени карасак деген чечимге келдик”, — деди Бекматов. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>