Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 15 саясий партияга 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга уруксат берди. Бул тууралуу БШК нын маалымат кызматынан билдиришти.
Он беш партиядан депутаттыкка жалпы 1 миң 957 талапкерди көрсөтүлдү. Анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды.
Жалпысынан 1 миң 912 талапкер катталган.
1 миң 912 талапкердин ичинен 618 же 32,32 пайызын аялдар түзөт.