Site icon Reporter.kg

БШК: 166 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылат

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында бир мандаттуу округдарда 5%дан ашык добуш алган 166 талапкерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, шайлоочулардын 5%дан кем эмес добушун алган талапкерлерге, ошондой эле шайлоо жараксыз деп таанылган учурда күрөө кайтарылып берилет.

Бир мандаттуу округдар боюнча 282 талапкер катышып, алар БШКнын депозиттик эсебине жалпысынан 28 миллион 200 миң сом күрөө салган.

No27 Биринчи Май шайлоо округунда жана No29 Свердлов шайлоо округунда «баарына каршы» деген сап эң көп добуш алган (тиешелүүлүгүнө жараша 32,98% жана 37,51%), ошондуктан бул округдар боюнча шайлоо өткөн жок деп табылып, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Ошентип, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5%дан кем эмес добушун алган талапкерлердин саны 155 адамды түздү.

Жыйынтыгы жараксыз деп табылган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча шайлоого катышкан талапкерлердин саны 11 адам.

Талапкерлерге кайтарылып бериле турган шайлоо күрөөлөрүнүн жалпы суммасы 16 миллион 600 миң сомду түзөт.

Калган 11 миллион 600 миң сом мыйзам ченемдерине ылайык, республикалык бюджетке чегерилиши керек.

Шайлоодо 5%дан кем эмес добуш алгандарга күрөөсү кайтарылып берилет

Exit mobile version