Чет өлкөлөрдө 57 шайлоо тилке ачылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим борбордук комиссияын 15-сентябрда кабыл алынды. Канада, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан (Алматы шаары), Беларус, Украина, Орусия (Красноярск, Санк-Петербург, Владивосток, Новосибирск, Екатеринбург) өлкөлөрүнүн шаарларында ачылат.
Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ал эми үгүт иштери 29-октябрда башталып, 27-ноябрь күнү саат 08:00гө чейин уланат.