Site icon Reporter.kg

БШК башчысы парламенттик шайлоо качан өтөрүн айтты

БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги брифингде парламенттик шайлоонун болжолдуу датасын атады.

Анын айтымында, 2020-жылдын 22-октябрындагы конституциялык мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоо конституциялык реформадан кийин өтүшү керек.

Ал парламенттик шайлоонун болжолдуу датасы 2021-жылдын күз айлары экендигин белгиледи.

Exit mobile version